> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Индия менен 200 млн доллар насыя алуу маселесин кайрадан талкуулады
- URL: https://im.kg/all/2022/09/13/kyrgyzstan-indiya-menen-200-mln-dollar-nasyya-aluu-maselesin-kajradan-talkuulady/
- Published: 2022-09-13T10:02:32.000Z
- Updated: 2022-09-13T10:02:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Индиядан 200 млн доллар өлчөмүндө кредит алуу тууралуу маселени кайрадан алар менен талкууга алды. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.**

Министрликтен билдиришкендей, кечээ, 12-сентябрда КР Экономика жана коммерция министринин орун басары **Канат Абдрахманов** Индиянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси **Арун Кумар Чаттерджи** менен жолугушуп, жаңы элчини миссиясынын башталышы менен куттуктады. 

> Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинети менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында, **тез кайтарым берүүчү долбоорлорду ишке ашырууга гранттык жардам көрсөтүү** жана **Индия өкмөтү тарабынан 200 млн доллар өлчөмүндө кредиттик линия бөлүү** тууралуу пикир алмашуу болду. 

Өзгөчө көңүл инвестиция, медицина жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташууга, соода-экономикалык багыттагы маселелерге, ошондой эле КРда социалдык өнүгүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга бурулду.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/indiya.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/indiya.jpeg)

Ошондой эле тараптар 2022-жылдын ноябрь айына пландалган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун онлайн режиминде өткөрүү маселесин талкуулашты.

---

Эске салсак, эки өлкө жеңилдетилген насыяны 2019-жылы Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында берүүгө макулдашышкан. Бул маселе боюнча диалог өткөн жылдын октябрь айында да болгон.