> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сүт тармагына жылдык 6% менен насыя берилүүдө - буга чейин 27.9 млн сом берилди
- URL: https://im.kg/all/2022/09/13/s-t-tarmagyna-zhyldyk-6-menen-nasyya-beril-d-buga-chejin-27-9-mln-som-berildi/
- Published: 2022-09-13T15:27:12.000Z
- Updated: 2022-09-13T15:28:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду тарабынан “Сүт тармагын кредиттөө долбоору” иштелип чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

> Программа сүт өндүрүү боюнча бодо малдын санын көбөйтүүгө жана сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Бүгүнкү күндө 70 субъектке **27 млн ​​860 миң сом** насыя берилди.  
Алардын ичинен облустар боюнча:

- Ысык-Көл облусу – 11.5 млн сом
- Талас облусу – 6.4 млн сом
- Чүй облусу – 3.2 млн сом
- Жалал-Абад облусу – 2.8 млн сом
- Нарын облусу – 4 млн сом.

#### **Эскерте кетсек кредиттер төмөнкү шарттар менен берилет:** 

- **Айылдык өндүрүшчүлөргө** – 500 миң сомго чейин
- **Фермалар үчүн** – 1 млн сомго чейин
- **Шарттары**: жылдык 6%га чейин
- **финансылык санкциялар** – жылына 12%
- **Күрөөгө каралган шарттар** – 150 миң сомго чейин кредиттерди «кепилдик» менен берүүнү карайт
- **Мөөнөтү** – 36 айга  
чейин, негизги карызды жабуу үчүн 9 ай жеңилдетилген убактысы менен жана квартал сайын бекитүү шарт.

Насыяларды берүү боюнча кошумча маалымат алуу үчүн КРнын  
Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго кайрылуу керек: 0(312) 30-48-83; 0(997)88-55-54; 0(755) 55-88-71;

Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58\. КРнын Финансы  
министрлигинин Борбордук казыналыгынын имараты.