> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасы ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/13/ukmk-chek-ara-kyzmatynyn-uchkuchsuz-uchuuchu-apparattarynyn-bazasy-achyldy/
- Published: 2022-09-13T13:39:47.000Z
- Updated: 2022-09-13T13:39:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачканын анын маалымат кызматы билдирди.**

Жапаров УКМКнын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты. Чек арачылардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын белгиледи.

> “Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Биз чек арачыларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө бардык чараларды көрүүгө жооптуубуз”, – деди президент.

Ал өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганын эске салды. 

Ошондой эле Жапаров базанын инфраструктурасы жана мамлекеттик чек араны коргоодо сокку уруучу учкучсуз учактарды колдонуу менен күжүрмөн күзөттүн уюштурулушу менен таанышты. 

> Белгилей кетсек, “Байрактар” учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. Бул мамлекеттик чек араны абада кайтарууга алган офицер-чек арачылардын алдыңкы тобу болуп саналат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bairaktar1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bairaktar1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bairaktar2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bairaktar2.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bairaktar3.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bairaktar3.jpeg)