> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Башкы прокуратура «Кумтөр» ишине байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү убактылуу камакка алды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/14/bashky-prokuratura-kumt-r-ishine-bajlanyshtuu-tengiz-b-lt-r-kt-ubaktyluu-kamakka-aldy/
- Published: 2022-09-14T10:03:38.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:09:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Башкы прокуратурасы кечээ, 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүктү убактылуу камакка алганын кабарлады.** 

> “КРнын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты, тергөө улантылууда”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Эсеп палатасы Кумтөр кениндеги сатып алуулар боюнча финансылык[мыйзам бузуулардын бетин ачкан](http://localhost/info-portal/news/2022/08/24/kumt-rd-finansylyk-myjzam-buzuular-anyktalyp-b-lt-r-k-kyzmattan-alyndy/) болчу. Анда кенде күйүүчү-майлоочу май, азык-түлүк, запастык тетиктер **рыноктук баалардан жогору баада сатып алынган**ы айтылган. Натыйжада, **1 млрд сомдук** мамлекетке зыян келтиргени үчүн Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКга карата [үч кылмыш ишин козгогон](https://economist.kg/novosti/2022/09/13/ushherb-1-mlrd-somov-genprokuratura-vozbudila-tri-ugolovnyh-dela-posle-proverki-kumtora/).

Буга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүк жана финансылык директору Рыспек Токтогулов “Кумтөрдүн” жетекчилигинен алынышкан, бирок ошол эле учурда Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калганын минкаб билдирген эле.