> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлигине Социалдык фондго 3 млрд 83 млн сом бөлүү тапшырмасы берилди - 1-октябрдан пенсия көтөрүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/09/14/finansy-ministrligine-socialdyk-fondgo-3-mlrd-83-mln-som-b-l-tapshyrmasy-berildi-1-oktyabrdan-pensiya-k-t-r-l-t/
- Published: 2022-09-14T14:49:25.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:00:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсиянын өлчөмү көбөйөт. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети 9-сентябрдагы токтомго ылайык кабыл алды.**

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо үчүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн **3170 сом** өлчөмүндө белгилөө чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициенти да **1.15** дэңгээлинде жогорулады. Социалдык фондго пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

> Буга байланыштуу Финансы министрлигине республикалык бюджеттин топтолгон каражаттарынан Социалдык фондго **3 млрд 83 млн сом** бөлүү тапшырмасы берилди.

> Эскерте кетсек, жакында эле президент Садыр Жапаров көтөрүлө турган пенсия тууралуу: “Бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча **735 миңдей пенсионер** бар. Аларга пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 млрд сомкаралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен **90 млрд сом** бөлөбүз. Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү. Азыр эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык”, – [ деген ](https://www.facebook.com/japarov.sadyr/posts/pfbid0NvL69CzVs9nwoxcEymKmWAYb2L8XpSbGKEJf3nMVj432WWW61bySYYKLpYkJfEnfl)болчу.