> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-Беларусь бизнес-форуму Ош шаарында өтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/09/14/kyrgyz-belarus-biznes-forumu-osh-shaarynda-t-t/
- Published: 2022-09-14T09:43:44.000Z
- Updated: 2022-09-14T09:47:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз-Беларусь бизнес-форуму 15-16-сентябрда соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Беларусь өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумунун алкагында жана «Түштүк Экспо-2022» Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеге (15-17-сентябрь) карата Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынан билдиришти.**

Иш-чарага Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак жана КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ошондой эле КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов катышат. Мындан тышкары, Беларустун Өнөр-жай министрлигинин, Айыл-чарба жана тамак-аш министрлигинин өкүлдөрү келиши күтүлүүдө.

> Бизнес-форум 15-сентябрда расмий бөлүк менен ачылып, эки өлкөнүн компанияларынын презентациялары менен уланат. Форумда В2В-жолугушуулар жана тематикалык сессиялар дагы пландалган.

> “16-сентябрда Беларустан делегация **Ош облусундагы өнөр-жай субъектерин кыдырып, мүмкүн болгон кызматташунун жолдорун талкуулоо** ниетинде. Ал эми “Түштүк-ЭКСПО 2022” көргөзмө-жарманкенин алкагында соода-экономикалык байланыштардын чектерин кеңейтүүгө кызыктар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн **40 алдыңкы компаниялар** чогулат”, – дейт СӨП. 

Бизнес-кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулоо үчүн Кыргызстан, Россия, Беларус, Өзбекстан, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Индия жана Ирандан катышуучулар келиши күтүлөт. Компаниялардын ишмердүүлүгү тамак-аш өнөр жайы, айыл-чарба, курулуш, медицина жана башка тармактарга тиешелүү.

Аталган форумду кыргыз тараптан КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Оштогу бөлүмү жана беларусиялык «Улуттук маркетинг жана баалардын конъюнктурасы борбору» уюштуруп жатат.