> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бийлик дары-дармектерди ташып кирүүдөн тартып, калкка сатылганга чейин көзөмөлдөгөн системаны ишке киргизүүнү көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/09/15/bijlik-dary-darmekterdi-tashyp-kir-d-n-tartyp-kalkka-satylganga-chejin-k-z-m-ld-g-n-sistemany-ishke-kirgiz-n-k-zd-d/
- Published: 2022-09-15T10:19:07.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:19:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дары-дармек менен камсыздоо жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө жана контролдоо механизминин жаңы технологияларын ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери белгилегендей, иштелип чыккан система контрафакттык медициналык продукцияга каршы күрөшүү аркылуу дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылууга, эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкын лицензиялоо процесси аркылуу рынокто дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

> «Автоматташтырылган системаны ишке киргизүү мамлекет тарабынан дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга жана жүздөгөн миллион сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Система милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын **даректүү пайдаланылышын** жана дары-дармек каражаттарын **ташып кирүүдөн тартып** бүткүл республика боюнча, анын ичинде жеке дарыкана тармактары аркылуу **калкка таратууга чейинки жүгүртүүнү көзөмөлдөөнү камсыздайт**», — деди Байсалов.

Белгилүү дары-дармектердин бар экендиги жана анын жайгашкан жери жөнүндө реалдуу убакытта маалымат алууга болот. Жарандар сатылып алынган дары-дармектердин мыйзамдуулугун текшерип, ал боюнча керектүү маалыматтарды ала алат.

> “Система аркылуу чогултулган дары-дармекти керектөө тууралуу маалыматтар саламаттыкты сактоонун улуттук стратегиясын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. **Система дээрлик реалдуу убакытта бүткүл өлкө боюнча дары-дармек менен камсыздоонун абалын баалоого** мүмкүндүк берет жана дары-дармектердин **баасын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн** жогорулатат”, – деп айтылат маалыматта.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Министрлер минкабдын жетекчилиги тарабынан дары-дармектерди көзөмөлдөөнүн жаңы системасын киргизүүнү тездетүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/darydarmek.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/darydarmek.jpeg)