> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өрт өчүрүүчү техника, көчмө оорукана - Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен бир катар документтерди кабыл алды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/15/rt-ch-r-ch-tehnika-k-chm-oorukana-sadyr-zhaparov-si-czinpin-menen-bir-katar-dokumentterdi-kabyl-aldy/
- Published: 2022-09-15T13:35:16.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:05:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 15-сентябрда, президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир катар документтерди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:

1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен КРнын министрлер кабинетине **өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү** долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу
1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен КРнын министрлер кабинетине **көчмө оорукананы берүү** долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы КРдан Кытай Эл Республикасына **экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар** жөнүндө протокол
1. КРнын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы **«КРнын ирригациялык системасын реконструкциялоо»** № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/kitai1-scaled.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/kitai1-scaled.jpeg)