> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы он күндүн ичинде транспорт салыгын төлөбөгөн 618 унаанын ээсин аныктады
- URL: https://im.kg/all/2022/09/15/salyk-kyzmaty-on-k-nd-n-ichinde-transport-salygyn-t-l-b-g-n-618-unaanyn-eesin-anyktady/
- Published: 2022-09-15T16:09:06.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:20:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык органдары 10 күндүн ичинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 255 рейддик иш-чара өткөрүшкөнүн билдиришти.**

> МСКнын берген маалыматына ылайык, 12 миң 696 транспорт каражаты текшерүүгө алынып, анын ичинен **618 унаанын ээси** транспорт салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды.

Жыйынтыгында мыйзамда белгиленген мөөнөттө салык төлөбөгөндүгү үчүн 618 миң сом суммасында административдик айып салынып, анын 461 миң сому өндүрлдү.

> Эскерте кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү **1-сентябрда аяктаган**.

- Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга –**1000 сом,** юридикалык жактарга – **5 миң сом** суммасында административдик айып каралган.

Мындан тышкары, салык төлөмүн кечиктирген ар бир күн үчүн туум эсептелет. Салык кызматы транспорт салыгын төлөөгө жетишпей калган унаа ээлерин туумдан качуу үчүн азыр төлөөгө чакырат.