> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түп: 376 метр жолдун жүз метрине гана асфальт төшөп, калган 1.4 млн сомду «жеп алышкан»
- URL: https://im.kg/all/2022/09/15/t-p-376-metr-zholdun-zh-z-metrine-gana-asfalt-t-sh-p-kalgan-1-4-mln-somdu-zhep-alyshkan/
- Published: 2022-09-15T15:34:27.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:50:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көл областтык прокуратурасы Түп айыл өкмөтүнүн жана “Д.Т” ЖЧКнын кызмат адамдарына мамлекетке 1.3 млн сом зыян келтирди деген факт менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.** 

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 20-сентябрында Түп айыл өкмөтү менен “Д.Т.” ЖЧКнын ортосунда Түп айылынын көчөсүнүн 473 метрине асфальт төшөө боюнча келишим түзүлүп, аталган коомго **2 млн 741 миң 591 сом** акча каражаты которулуп, асфальт төшөө иштерин ошол эле жылдын 25-октябрына чейин бүтүрүү каралган.

Бирок, Түп айыл өкмөтү менен “Д.Т.” ЖЧКнун кызмат адамдары өз кызмат абалынан пайдаланышып, жеке кызыкчылыктар үчүн аткарылган иштердин актысына жалган маалыматтарды көрсөтүшкөн.

> “Текшерүүдө, Түп айылынын “К” көчөсүнүн **97 метрине гана** асфальт төшөлүп, калган **376 метрине** бүгүнкү күнгө чейин асфальт төшөлбөгөндүгү такталып, мамлекетке **1 млн 398 миң 203 сом** зыян келтирилгендиги аныкталган. Учурда мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, – деп билдиришти мекемеден.