> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк калктын даттанууларын ыкчам кароо үчүн WhatsApp-каналын ишке киргизди
- URL: https://im.kg/all/2022/09/15/uluttuk-bank-kalktyn-dattanuularyn-ykcham-karoo-ch-n-whatsapp-kanalyn-ishke-kirgizdi/
- Published: 2022-09-15T12:08:25.000Z
- Updated: 2022-09-15T12:08:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Калктын кайрылууларын ыкчам кароо максатында Улуттук банк 0501 89 00 00 номеринде WhatsApp-каналын ишке киргизди. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.**

WhatsApp-канал аркылуу финансы-кредит уюмдарынын (коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун) ишине тиешелүү бардык маселелер (**даттануу, өтүнүч же пикир билдирүү**) боюнча кайрылууга болот.

> “Ошондой эле жарандар телефон аркылуу ыкчам маалымат/консультация алуу үчүн Улуттук банктын кабылдамасына **0 312 61 04 86** телефон номерине жана финансылык кызматтарды **керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча 0555 85 57 48, 0770 73 73 49** мобилдик номерлерине кайрылууга боло тургандыгын эсиңиздерге салабыз”, – дейт өлкөнүн башкы банкы.

**Маалымат үчүн:** WhatsApp байланыш каналы жарандардын кайрылуусун Whatsapp-каналы аркылуу гана кабыл алууга багытталган, анда **жарандын аты-жөнү, кайрылуунун мазмуну,** ошондой эле (зарыл учурда) **керектөөчүнүн далилдерин тастыктоо үчүн тиркелген документтер** көрсөтүлүүгө тийиш.

WhatsApp-каналынын номерине кайрылуулар жумуш күндөрү (дүйшөмбү – жума) саат 08.30дан 18.00гө чейин кабыл алынат. Дем алыш күндөрү түшкөн билдирүүлөр андан кийинки жумуш күнү каралат.