> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аэропорттун тегереги жана Баткен шаарындагы кээ бир имараттар күйүп жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/aeroporttun-tegeregi-zhana-batken-shaaryndagy-kee-bir-imarattar-k-j-p-zhatat/
- Published: 2022-09-16T14:43:36.000Z
- Updated: 2022-09-16T15:39:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен аэропортунун айланасы жана шаардын четиндеги объектилер куйүп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы жарандык инфраструктуралык объектилер өрттөнүүдө. 

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Чек ара кызматы эртең менен Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылай баштаганын кабарлады.