> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы директору Канат Курмановго издөө жарыялады
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/bashky-prokuratura-kumt-r-gold-kompaninin-murdagy-direktoru-kanat-kurmanovgo-izd-zharyyalady/
- Published: 2022-09-16T10:28:45.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:09:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди.**

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтор Голд Компани” ЖАКдагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган коомдун мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу) менен кылмыш изи козголду. 

> Ошондой эле аталган орган камакка алуу бөгөт чарасын тандап, айыпталуучу Курмановго **издөө жарыялаганын** жана кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатканын кабарлады.