> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен: ӨКМ убактылуу пунктарда жарандарды биринчи керектелүүчү азыктар менен камсыздап жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/batken-km-ubaktyluu-punktarda-zharandardy-birinchi-kerektel-ch-azyktar-menen-kamsyzdap-zhatat/
- Published: 2022-09-16T13:56:35.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:11:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн саат 13:00гө карата Баткен облусунда учурда жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.**

Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп жатат. Жеринде КР ӨКМ кызматкерлери менен кошо Жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн бригадалар иш алып барууда. Өмүр сакчылары элге психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө.

> “Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде кызматкерлер жарандарды эвакуациялоо, убактылуу жайга жайгашыруу пункттарында кабыл алуу, керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу иштерин көзөмөлгө алууда”, – деп айтылат билдирүүдө.