> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан дагы 13 киши ооруканага түштү - жалпы 31 адам
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/batken-kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-okuyadan-dagy-13-kishi-oorukanaga-t-sht/
- Published: 2022-09-16T13:50:53.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:11:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан дагы 13 киши жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги саат 13:00гө карата билдирди.** 

> “Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды. Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерек берилет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар экенин кошумчалады.