> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде жаракат алгандардын саны 42 адамга жетти - 15 жаштагы кыз каза болду
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/batkende-zharakat-algandardyn-sany-42-adamga-zhetti-15-zhashtagy-kyz-kaza-boldu/
- Published: 2022-09-16T17:39:53.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:43:45.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Саат 15:00гө карата Баткен облусунун ооруканаларына 42 жарадар жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Баткен облустук бириккен ооруканасында 19 адам, Лейлектин жалпы медициналык борборунда 18 адам жатат, Лейлектен 5 адам Бишкектин ооруканаларына жеткирилген.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Улуттук госпиталдан нейрохирургдар, жалпы хирургдар, кан тамыр хирургдары, анестезиолог-реаниматологдор, торакалдык хирургдар, фельдшердик кызматкерлерден турган үч бригада Баткенге учуп кеткен.

> Достук айылынын 15 жаштагы Эльзада Малик кызы снаряд сыныктарынан жаракат алып, жолдо каза болгондугу айтылууда. Бул маалыматты [24.kg](https://24.kg/proisshestvija/245255%5Fkonflikt%5Fnagranitse%5Fvleyleke%5Fotraneniya%5Fskonchalas%5F9-letnyaya%5Fdevochka/)\-ге жергиликтүү тургундар тастыкташты.

Алардын айтымында, Эльзада үй-бүлөсү менен тажик аскерлеринин аткылоосунан качып баратканда снаряддын сыныгы тийип, көп өтпөй алган жараатынан улам каза болгон. Анын сөөгү Маргун айылына жеткирилген.

Ошондой эле жергиликтүү элдин айтымында, аткылоонун натыйжасында Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн бир нече тургуну жаракат алган.

> «Жабыркагандардын арасында жаш балдар көп. Алар шок абалда. Азыр снаряд элди эвакуациялаган кичи автобуска тийгени белгилүү болду. Жабыркагандар эвакуация үчун даярдалган жайларга жеткирилип жатат», – дешти жергиликтүү тургундар.