> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# MegaCom Баткендин тургундарын акысыз байланыш менен камсыздайт
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/batkendin-turgundary-akysyz-bajlanysh-menen-kamsyzdaldy/
- Published: 2022-09-16T15:00:09.000Z
- Updated: 2022-09-16T15:00:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**MegaCom уюлдук оператору Баткен облусундагы абоненттеринин бардыгын уюлдук байланыш жана интернет менен убактылуу акысыз камсыздай тургандыгын билдирди.**

Компаниядан билдиришкендей, бул кыргыз-тажик чек арасында орун алган араздашууну жөнгө салуу учурундагы зарыл кадам.

> “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абал курчуп турган маалда аталган аймактагы мекендештерибиз дайыма байланышта болуп туруусу жана жакындары менен зарыл болгон учурда тез байланышуусу өтө маанилүү экендигин түшүнөбүз. 

> Буга байланыштуу мобилдик оператордун жетекчилиги тарабынан абоненттерди, ошондой эле Баткен облусундагы чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш алып барып жаткан мамлекеттик мекемелердин жана кызматтардын өкүлдөрү чалууларды аткаруулары үчүн акысыз топтом, ошондой эле интернет-трафик менен камсыздоо чечими кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.