> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-Беларусь бизнес форумунда 900 миң долларлык ондон ашык келишимге кол коюлду
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/kyrgyz-belarus-biznes-forumunda-900-mi-dollarlyk-ondon-ashyk-kelishimge-kol-kojuldu/
- Published: 2022-09-16T09:55:58.000Z
- Updated: 2022-09-16T10:00:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз-Беларусь бизнес форумунда 900 миң долларлык ондон ашык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Белгиленгендей, форум соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь комиссиясынын 10-жыйынынын алкагында өттү. КРдан делегацияны минкабдын төрагасынын орун басары **Бакыт Төрөбаев**, Беларусь тараптан премьер-министрдин орун басары **Анатолий Сивак** жетектешти.

> Форумга кыргыз тараптан **«Кыргызиндустрия» ААК, «Альянс Алтын» ЖЧК,** Кыргызстандын агробизнесмендеринин **«Жер Азыгы» Ассоциациясы, “Холдинг Композит Групп”, «Автомаш» Радиатор ЖЧК, “Маткасымов” ЖЧК** сыяктуу алдыңкы компаниялар жана банк секторунун, медицинанын, курулуштун, тигүү жана башка тармактардын өкүлдөрү​ катышышты.

Беларустан машина куруу өнөр жайынын негизги тармактарынан **“МАЗ” ААК, «Гомсельмаш» ААК, “Минск мотор заводу”, “Минск трактор заводу”, «Бобруйскагромаш»** **ААК, «Могилевлифтмаш» ААК** ишканалары жана медицина, тамак-аш өнөр жайы сыяктуу башка тармактардын өкүлдөрү катышты.

Панелдик талкуудан кийин катышуучуларга соода мамилелерин кеңейтүү жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү үчүн B2B форматында баарлашуу мүмкүнчүлүгү берилди.

---

[Кыргыз-Беларусь бизнес-форуму](http://localhost/info-portal/news/2022/09/14/kyrgyz-belarus-biznes-forumu-osh-shaarynda-t-t/) 15-16-сентябрда соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Беларусь өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумунун алкагында жана «Түштүк Экспо-2022» Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеге (15-17-сентябрь) карата Ош шаарында өттү.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela2.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela3.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela3.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela4.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela4.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela5.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bela5.jpeg)