> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыска тыныгуу: тажик тарап кыргыз чек арачыларына кайрадан ок чыгарды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/kyska-tynyguu-tazhik-tarap-kyrgyz-chek-arachylaryna-kajradan-ok-chygardy/
- Published: 2022-09-16T18:51:18.000Z
- Updated: 2022-09-16T19:50:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш бөлүмү саат 18:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп жатканын билдирди.**

Жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер конуштарындагы кыргыз чек арачыларынын жайларына кайрадан ок чыгарган.

> Баткен облусунда тажик тарап көп жолу ракеталык системаны колдонгону катталды. Чек ара кызматы ок атышууну толук токтотуу жана инциденттерди деэскалациялоо үчүн бардык чараларды көрүп жатат.