> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаровдун Самаркандда өткөн ШКУнун саммитине катышуусу аяктап, Бишкекке кайтып келди
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/sadyr-zhaparovdun-samarkandda-tk-n-shkunun-sammitine-katyshuusu-ayaktap-bishkekke-kajtyp-keldi/
- Published: 2022-09-16T19:49:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:21:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Садыр Жапаровдун Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

Саммиттин ишине ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери катышты. Алар: Кыргыз Республикасы, Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө лидерлери Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.

> “Ошону менен бирге ШКУнун Саммитинин алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

> Өлкө лидерлери ок атышууну токтотуу жана согуштук линиядан күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүүнү макулдашты. Бүгүн, 16-сентябрда, президент Бишкек шаарына кайтып келди”, – деди өлкө башчынын маалымат кызматы.