> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Спорт ордосунун имаратында Баткендин тургундары үчүн гуманитардык жардамды кабыл алуу пункту ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/sport-ordosunun-imaratynda-batkendin-turgundary-ch-n-gumanitardyk-zhardamdy-kabyl-aluu-punktu-achyldy/
- Published: 2022-09-16T13:24:52.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:37:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Спорт ордосунун имаратында Баткен облусунун тургундары үчүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту ачылды**.

Гуманитардык жардамды чогултуу, даярдоо жана жөнөтүү пункту Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүүнү каалаган мекеме-уюмдардын жана жеке адамдардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу ачылган.

Каалоочулар Спорт ордосунун имаратында ачылган гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктуна кайрылса болот.

> Гуманитардык жардам катары жөнөтүү үчүн сунушталган азыктар: макарон, күрүч, чай, гречка, кант, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, туз, жеке гигиеналык буюмдар, балдардын буюмдары (памперс).