> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК: чек арадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча комиссиянын иши уланууда
- URL: https://im.kg/all/2022/09/16/ukmk-chek-aradagy-chyr-chatakty-zh-ng-saluu-bojuncha-komissiyanyn-ishi-ulanuuda/
- Published: 2022-09-16T19:31:45.000Z
- Updated: 2022-09-16T19:31:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында КР жана ТР мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча күч блогунун бир катар өкүлдөрүн камтыган комиссиянын иши улантылып жатканын аталган мекемеден билдиришти.**

> “Жетишилген макулдашуулардан кийин атышуулардын интенсивдүүлүгү бир топ басаңдады. Учурда комиссиянын мүчөлөрү жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну уюштуруу жана кырдаалды мындан ары турукташтыруу иштерин алып барышууда”, – дейт УКМКнын маалымат кызматы.