> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен: куралдуу кагылышуудан 24 адам каза болду, 103 жаран жараат алды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/17/batken-kuralduu-kagylyshuudan-24-adam-kaza-boldu-103-zharan-zharaat-aldy/
- Published: 2022-09-17T10:14:29.000Z
- Updated: 2022-09-17T10:17:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Саламаттыкты сактоо министрлиги 2022-жылдын 17-сентябры саат 9:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 103 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдады.**

Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.

- Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабырлануучу
- ЖДПБ Лейлек – 21 жабырлануучу
- ЖДПБ Кулунду – 3 жабырлануучу
- ЖДПБ Сүлүктү – 6 жабырлануучу
- Улуттук госпиталда – 20 жабырлануучу,6\. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
- Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу.

Ошондой эле Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан **24 кыргызстандык** набыт болду. Economist.kg редакциясы каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.