> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайрадан чыңалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/09/17/cho-alaj-rajonundagy-kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-kyrdaal-kajradan-chy-aluuda/
- Published: 2022-09-17T19:38:19.000Z
- Updated: 2022-09-17T19:38:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябры саат 18:20га Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалып жаткандыгын маалымдады.**

> Ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча **бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп,** тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын **“Карамык”** чек ара заставасынын чек арачыларына ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган. 

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.