> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда - ИИМ
- URL: https://im.kg/all/2022/09/19/batken-oblusunda-abal-turuktuu-birok-chy-aluu-saktaluuda-iim/
- Published: 2022-09-19T14:47:24.000Z
- Updated: 2022-09-19T14:49:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.**

ИИМден кабарлашкандай, учурда КРнын жана Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматтары күнү-түнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Баткен облусунун аймагында орун алган окуя боюнча КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен кылмыш иши козголгон.

> “Тажикстандын кол салуусу боюнча ар тараптуу, кылдат текшерүү иштерин алып баруу максатында, Баткен облусунун аймагында ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлүп, **тергөө иштери башталды**. Тергөө тобунун курамы ИИМдин, Башкы прокуратуранын, аскер прокуратурасынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, иштеп жатышат. 

Бүгүнкү күнгө карата тергөө топтору тарабынан **ок атышуу учурунда жабыркаган турак үйлөрдү жана соода-сатык түйүндөрүнө, он беш обьектиге кароо иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдарды аныктоо** иш-чаралары башталды. Ошондой эле, Баткен облусуна келген гуманитардык жардамдардын сарамжалдуу жана туура бөлүштүрүлүп, жарандарга жеткирилишине да көзөмөл болууда. 

> Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана кошумча күчтөрдүн, Ички иштер министрлигинин Ички Аскерлеринин аскер кызматчыларынын **коомдук коопсуздукту камсыздоо, кайгуул иштерин күнү-түнү жүргүзүү, тергөө иштерин сапаттуу жана ыкчам жүргүзүү боюнча** облустун бардык аймактарына өзгөчө катуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Абал толугу менен көзөмөлдө”, – дейт Октябрь Урмамбетов. 

Андан сырткары, **Баткен жана Лейлек райондорунда жабыркаган айылдарда жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу** иштери да жүргүзүлүүдө.