> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 26 млн сомдон ашык каражат түштү
- URL: https://im.kg/all/2022/09/19/batken-oblusunun-zhabyrkagan-turgundaryna-zhardam-k-rs-t-ch-n-atajyn-esepke-26-mln-somdon-ashyk-karazhat-t-sht/
- Published: 2022-09-19T11:30:45.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:55:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бүгүн, 19-сентябрь саат 10:00-гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкты колдоо үчүн КР жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын ачылган эсепке 26 млн сом өлчөмүндө каражат түшкөнүн кабарлады.** 

Эгерде сиз дагы Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына материалдык жардам көрсөтүүнү кааласаңыз, анда Финансы министрлигинин[ атайын эсебине](https://economist.kg/novosti/2022/09/16/v-kr-otkryt-edinyj-schet-dlya-perechisleniya-pozhertvovanij-batkenskoj-oblasti/) каражат которсоңуз болот. Ошондой эле тургундарды эвакуациялоо үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды, азык-түлүк, керектүү буюмдарды [сатып алып жаткан](https://economist.kg/novosti/2022/09/16/krasnyj-polumesyac-otkryl-ekstrennyj-sbor-sredstv-dlya-okazaniya-pomoshhi-v-batkene/) Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомуна акча каражатын которсоңуз болот. 

Эгер сиз өзүңүз гуманитардык жардам көрсөткүңүз келсе, керектүү нерселердин [жаңыланган тизмесин бул жерден](https://economist.kg/novosti/2022/09/18/obnovlen-spisok-neobhodimogo-dlya-batkenskoj-oblasti/) таба аласыз. Гуманитардык жардам чогултуу пункттарынын [даректерин бул жерден](https://economist.kg/novosti/2022/09/17/adresa-punktov-sbora-pomoshhi-dlya-batkencev-kontakty/) тапса болот.

Жабыркагандар да донордук канга муктаж. Даректерди жана байланыштарды [бул жерден](https://economist.kg/novosti/2022/09/17/respublikanskij-centr-krovi-budet-rabotat-v-vyhodnye-dni-donorskaya-krov-neobhodima-dlya-postradavshih-zhitelej-batkena/) тапса болот.

---

Эске салсак, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар башталып, Баткен облусунун тургундарын эвакуациялоо иштери башталган. КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тажик тарап оор бронтехникаларды, ракеталык системаларды жана авиацияны колдонгону тууралуу маалымат берди. Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашышкан. Бирок эки сааттан кийин Тажикстан Республикасынын чек арачылары Кыргызстан тарапка кайрадан ок чыгарышкан. 

Бүгүн, 19-сентябрга карата куралдуу кагылышуудан **шейит болгондордун саны 59га, жаракат алгандардын саны 163кө** жетти. Ошондой эле бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.