> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен: чек арада түн тынч өттү, бирок кырдаал чыңалуу бойдон турат
- URL: https://im.kg/all/2022/09/19/batken-t-n-tynch-tt-birok-kyrdaal-chy-aluu-bojdon-turat/
- Published: 2022-09-19T09:23:42.000Z
- Updated: 2022-09-19T09:25:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады.** 

> “18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок, ок атышууну токтотуу келишимдерин бузуулар катталган жок”, – дейт Чек ара кызматы.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.