> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендеги куралдуу кагылыштан шейит болгондордун саны – 59 , жараат алгандардын саны 163кө жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/09/19/batkendegi-kuralduu-kagylyshuuda-shejit-bolgondordun-sany-59-zharaat-algandardyn-sany-163k-zhetti/
- Published: 2022-09-19T10:26:49.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:10:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 19-сентябрь саат 9:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 163кө жеткенин билдирди.** 

Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына бир түн ичинде 19 жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн кайрылган анын ичинен 12 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт. 

> “Ооруканаларда жалпысынан 144 адам дарыланууда, 19 жаран амбулатордук шартта дарыланууга жөнөтүлдү”, – дейт министрлик.

Жабырлануучулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек жана Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду (102 жабырлануучу). 

- Улуттук госпитал – 71 жабырлануучу
- Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу
- Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу
- Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу
- Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасы – 2 жабырлануучу.

Калган жабырлануучулар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар. 

> Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан шейит болгондордун жалпы саны **59 адамды** түздү.