> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ Баткендеги куралдуу кагылышуудан канча объект жабыркаганын билдирди
- URL: https://im.kg/all/2022/09/19/km-batkendegi-kuralduu-kagylyshuudan-kancha-obekt-zhabyrkaganyn-bildirdi/
- Published: 2022-09-19T12:38:01.000Z
- Updated: 2022-09-19T12:41:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Куралдуу кагылышуудан азыркы маалымат боюнча 282 турак-жай, 3 стратегиялык объект, 9 соцобъект, 300гө жакын чарба курулуштары, 9 унаа өрттөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда КР ӨКМ маалыматтык аналитика жана мерчемдөө бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Чамашев маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, ӨКМ Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө.

> “Куралдуу кагылышуудан азыркы маалымат боюнча **282 турак-жай, 3 стратегиялык объект, 9 соцобъект, 300гө жакын чарба курулуштары, 9 унаа** өрттөлгөн. Бул сандар **дагы өзгөрүшү мүмкүн**, анткени комиссия конфликт болгон аймактарды тактап бүтө элек, азыр дагы жеринде иштеп жатышат”, – деди Чамашев.

Ошондой эле кагылышуунун кесепетинен **136 миң 770 жаран** коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Алардын ичинен Баткен району боюнча – 54 миң 684, Баткен шаары боюнча – 25 миң 600, Лейлек району боюнча – 56 миңдин тегерегиндеги жаран эвакуацияланган.

> “Азыркы учурда алардын ичинен 3470 жаран жарандарды убактылуу кабыл алуучу жайларда жайгаштырылган. Ошондой эле 3908 жаран башка аймактарга кетишкен”, – деди ал. 

Баткенден келгендерди кабыл алуу үчүн Ош шаарында окуу мекемелердин жатканаларында убактылуу кабыл алуучу жайлар ачылган. Учурда тамак-аштар уюштурулуп, тиешелүү иштер алып барылууда жана түштүк борбордо учурда Баткенден келген 500дөй жаран бар. 

Ошондой эле Чамашев Оштун **Чоң-Алай районунан 5300 жаран** коопсуз жайларга көчүрүлгөнүн жана алар учурда Даарат-Коргон, Кашка-Суу айылдарында жайгаштырылганын, бирок жарандардын көпчүлүгү туугандарына кетишкенин кошумчалады.

Гуманитардык жардамдарды Баткенге жеткирүүнү ӨКМ толук көзөмөлгө алган. 

> “Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы **506 тонна** гумжардам жеткирилип, анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан жеткирилген, 301 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат”, – деди ал.