> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР менен Тажикстандын ИИМ өкүлдөрү чек ара тилкесин күнү-түнү биргелешип күзөтүшөт
- URL: https://im.kg/all/2022/09/19/kr-menen-tazhikstandyn-iim-k-ld-r-chek-ara-tilkesin-k-n-t-n-birgeleship-k-z-t-sh-t/
- Published: 2022-09-19T10:59:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:00:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон турат. Андыктан КР менен Тажикстандын Ички иштер министрликтиринин өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында Канибадам – Ходжент унаа жолунун чек ара тилкесинде күнү-түнү биргелешип күзөтүүнү макулдашты. Был тууралуу КРнын ИИМи билдирди.**

> «Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек районунда КРнын жана Тажикстан ИИМинин 30дан ашык кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматына коомдук тартипти сактоо багытында тапшырмаларды коюп, анын так аткарылышын талап кылды», – дейт аталган органдын маалымат кызматы. 

Милиция кызматкерлери укук бузууларды жана чагымчылдыкты алдын алуу боюнча жана коомдук тартиптин бекем сакталышышы жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана кошумча тартылган күчтөр коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh4.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh4.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh3.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh3.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh2.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh5.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/IIM-tazh5.jpeg)