> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-октябрдан тартып аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/09/20/1-oktyabrdan-tartyp-asker-kyzmatchylarynyn-zhana-ukuk-korgoo-organdarynyn-kyzmatkerlerinin-emgek-akylary-k-t-r-l-t/
- Published: 2022-09-20T09:35:29.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:02:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров “КРнын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана КРнын аскердик кызмат жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында токтом кылынат:

**КРнын министрлер кабинети:**

- 2022-жылдын 1-октябрынан тартып КРнын прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, КРнын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80%на чейин жогорулатсын
- Бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.