> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартууга локомотив болот
- URL: https://im.kg/all/2022/09/20/akylbek-zhaparov-kambar-ata-1-kytaj-kyrgyzstan-zbekstan-temir-zholun-kuruu-dolboorloru-investiciya-tartuu-ch-n-lokomotiv-bolot/
- Published: 2022-09-20T11:59:36.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:44:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.** 
  
Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.  
  
Министрлер кабинетинин башчысы бизнес өкүлдөрүнө, карапайым жарандарга өлкө үчүн оор күндөрдө гуманитардык жана финансылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

> «Биздин алдыбызда көптөгөн калыбына келтирүү иштери турат. Ушул күндөрү жардам көрсөткөн бизнес өкүлдөрүнө жана карапайым жарандарга ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздөгү кыйынчылыктарды биргеликте жеңебиз», – деди ал.

Ошондой эле Жапаров өткөн жылы өлкөгө **1 млрд АКШ долларынан ашык инвестиция келгенин** жана инвестиция тартуу маселесинде жаңы ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

> «Министрлер кабинетинин алдында кыйла масштабдуу амбициялуу милдеттер турат. Биз быйылкы жылы **ИДПнын өсүшүн 6%дан кем эмес камсыз кылуу милдетин койдук**, ал эми 2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча өсүү 8%ды түзөт. 

Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономикалык өсүш, айлык акынын өсүшү, кирешенин өсүшү деңгээли боюнча алдыга чыгып жатабыз. Жакынкы 5-6 жылда бул тенденцияны улантабыз деп ишенем.

> Бизге жаңы ыкмалар, жаңы инвестициялар керек. **Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартуу үчүн локомотив** болот деп ишенем”, – деди ал.

 Минкабдын берген маалыматына караганда, кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү документтерди иштеп чыгуу жана министрлер кабинетине киргизүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.