> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен жана Ош облусунун чек ара аймактарында жарылбай калган снаряд, миналарды тазалоо иштери башталды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/20/batken-zhana-osh-oblusunun-chek-ara-ajmaktarynda-zharylbaj-kalgan-snaryad-minalardy-tazaloo-ishteri-bashtaldy/
- Published: 2022-09-20T11:03:25.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:55:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 20-сентябрдан баштап, Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара аймактарында жарылбай калган снаряддарды, миналарды жана башка жарылуучу каражаттарды таап, аларды зыянсыздандырып, тазалоо боюнча иш-аракеттер жүрөт. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.** 

> Миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчоого алынып, кайтарууга алынат.

Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.

Буга байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана тиешелүү маалыматтарды чек ара тарамдарынан же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тактоого чакырат.