> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусунда кырдаал туруктуу  - Чек ара кызматы
- URL: https://im.kg/all/2022/09/20/chek-arada-abal-turuktuu-chek-ara-kyzmaty/
- Published: 2022-09-20T09:10:13.000Z
- Updated: 2022-09-20T09:11:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 20-сентябры саат 08:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдады.** 

> 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок. 

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча **тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо** жана **кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгаруу** боюнча мурда келишилген келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат.

Жумушчу комиссиялар жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган сунуштарды жана чечимдерди да карайт.