> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюму ӨКМга 18 даана компьютер берди
- URL: https://im.kg/all/2022/09/20/evropa-koopsuzduk-zhana-kyzmattashtyk-ujumu-kmga-18-daana-kompjuter-berdi/
- Published: 2022-09-20T10:51:18.000Z
- Updated: 2022-09-20T10:51:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрү кечээ, 19-сентябрда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 18 даана комьютер белек кылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка таянсак, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу баалоо жүргүзүү иштерине колдонуу максатында ӨКМге атайын компьютердик техникалар белекке берилди.

> “Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов техникалар эң керектүү учурда тапшырылганын белигилеп, компьютерлер Баткен облусундагы орун алып жаткан кырдаалды жөнгө салууга өз салымын кошорун билдирди.

> ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы 18 даана акыркы үлгүдөгү компьютер жана 1 принтер тапшырылды. Мындан сырткары, тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү макулдашышты”, – деп айтылат маалыматта.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/ekku1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/ekku1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/ekku3.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/ekku3.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/ekku5.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/ekku5.jpeg)