> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кашкар - Ош - Анжиян - Галаба - Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти
- URL: https://im.kg/all/2022/09/20/kashkar-osh-anzhiyan-galaba-hajraton-tranzittik-kattamy-bojuncha-algachky-poezd-zh-n-p-ketti/
- Published: 2022-09-20T16:28:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:27:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан транспорттук коридору менен Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти. Бул тууралуу [“Өзбекстан темир жолдору”](https://railway.uz/ru/informatsionnaya%5Fsluzhba/novosti/30483/) компаниясы билдирди.**

Маалыматка таянсак, Ош темир жол станциясында расмий түрдө 40 футтук 12 контейнерден турган поезд даярдалган. Товарларды кытай тарап Кашкар шаарында даярдап, Ошко чейин автоунаалар менен жеткирилген.

> Азык-түлүк, тиричилик техникасы жана чарба товарларынан турган жүк Афганистандын Мазари-Шариф станциясына жеткирилет. Поезд бул станцияга эки күндө жетиши керек.

Бул коридор боюнча өз аймагы аркылуу жүк алып өтүү үчүн Өзбекстан 70%, башка өлкөлөр 50% арзандатуу беришкен. Кашкар-Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон темир жол маршруту менен Афганистанга 4 миңден ашык контейнер жүк жеткирүү пландалууда.

14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Самаркандда өткөн саммитинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган.