> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендеги чек арадагы жаңжал учурунда жоголгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет
- URL: https://im.kg/all/2022/09/21/batkendegi-chek-aradagy-zha-zhal-uchurunda-dokumentteri-zhogolgon-zharandardyn-dokumentteri-akysyz-kalybyna-keltirilet/
- Published: 2022-09-21T13:22:39.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:10:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Санариптик өнүктүрүү министрлиги Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда документтери жоголгон жарандардын документтерин акысыз калыбына келтире тургандыгын билдирди.**

Бүгүнкү күндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын КТБнын жана калкты каттоо департаментинин аймактык **Баткен, Кадамжай, Лейлек** райондорунун бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен турган мобилдик топтор түзүлдү. 

Мобилдик топтор жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн  
катышуусунда документтештирүүгө зарыл болгон жарандардын тизмесин түзөт.  

> Белгилей кетсек, мобилдүү калкты тейлөө борборлору паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана тиешелүү күбөлүктөрдү берүү боюнча бардык керектүү техникалык жабдуулар менен жабдылган.  

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарындагы жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча иштер башталды.

> “Ошондой эле, 2022-жылдын 19-сентябрынан баштап калкты каттоо  
> департаментинин Лейлек районунун Кулунду айылындагы жана Баткен районунун Самаркандек айылынан башка аймактар аралык бөлүмдөрү жана бардык калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштей баштаганын билдиребиз”, – дейт министрлик.