> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар
- URL: https://im.kg/all/2022/09/21/kyrgyz-tazhik-mamlekettik-chek-ara-tilkesinde-abal-chy-aluu-elementteri-saktaluu-menen-salyshtyrmaluu-turuktuu/
- Published: 2022-09-21T09:56:52.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:16:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы бүгүн, 21-сентябрь саат 09.00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп маалымдашты.** 

> Маалыматка таянсак, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан, снарядтардан жана башка жардыргыч заттардан табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

> “Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда”, – дейт аталган кызмат.