> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын биринчи бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит каза болду
- URL: https://im.kg/all/2022/09/21/kyrgyzstandyn-birinchi-biznes-ombudsmeni-robin-ord-smit-kaza-boldu/
- Published: 2022-09-21T09:11:12.000Z
- Updated: 2022-09-21T09:11:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы, Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит каза болду. Бул тууралуу Economist.kg редакциясына Бизнес-акыйкатчы институтунун өкүлдөрү билдиришти.**

> Робин Орд-Смит 20-сентябрда эртең менен дүйнө салган. Берилген маалыматка караганда, ал оорунун кесепетинен каза болгон.

Робин Орд-Смит 2019-жылдын августунда Кыргызстандагы ишкер субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш алып барган ыйгарым укуктуу биринчи бизнес-акыйкатчы болуп калды.