> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Кыргызстанга дээрлик 4 млн турист келди
- URL: https://im.kg/all/2022/09/22/byjyl-kyrgyzstanga-deerlik-4-mln-turist-keldi/
- Published: 2022-09-22T11:16:03.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:44:31.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын жети айында Кыргызстанга 3.8 млн турист келген, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) баяндамасында айтылат.**

АӨБ белгилегендей, мунун аркасында кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 3.5%га өскөн, ал эми тамак-аш жана мейманкана секторунда өсүш 12.5%ды түзгөн.

Эске салсак, Улутстаткомдун маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет элдик жарандардын саны 2.6 млн адамды түзгөн.

> Мында **97% же 2.5 млн** адам **КМШ өлкөлөрүнөн** келген. Алардын көпчүлүгү Өзбекстандын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары катары катталган.

Ал эми **КМШдан тышкаркы** өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын саны **74 миңден** ашып, өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 1.8 эсеге өскөн. Алардын көпчүлүк бөлүгү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Арабиясынан келишкен.