Быйыл Кыргызстанга дээрлик 4 млн турист келди

2022-жылдын жети айында Кыргызстанга 3.8 млн турист келген, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) баяндамасында айтылат.

АӨБ белгилегендей, мунун аркасында кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 3.5%га өскөн, ал эми тамак-аш жана мейманкана секторунда өсүш 12.5%ды түзгөн.

Эске салсак, Улутстаткомдун маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет элдик жарандардын саны 2.6 млн адамды түзгөн.

Мында 97% же 2.5 млн адам КМШ өлкөлөрүнөн келген. Алардын көпчүлүгү Өзбекстандын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары катары катталган.

Ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын саны 74 миңден ашып, өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 1.8 эсеге өскөн. Алардын көпчүлүк бөлүгү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Арабиясынан келишкен.