> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» бажысы Дубайдан мыйзамсыз келе жаткан 15 даана Iphone 14 PRO маркасындагы телефондорду алып койду
- URL: https://im.kg/all/2022/09/22/manas-bazhysy-dubajdan-myjzamsyz-kele-zhatkan-15-daana-iphone-14-pro-markasyndagy-telefondordu-alyp-kojdu/
- Published: 2022-09-22T12:49:49.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:53:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» бажысы Iphone 14 PRO маркасындагы уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.**

Евразия экономикалык бирлигинин жана КРнын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө «Манас» бажысынын кызматкерлери 17-сентябрда саат 04:50 чамасында бажы контролун жүргүзүү учурунда Дубай – Бишкек каттамы боюнча жүргүнчүлөрдүн арасында Россия Федерациясынын М.Г.О. аттуу жараны Iphone 14 PRO маркасындагы 15 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.

> “Кармалган телефондордун болжолдуу баасы **2.1 млн сомду** түзгөн. Материалдар КБР АДС МКЖга катталып, КРнын мыйзамдарына ылайык тиешелүү органга өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/11-1.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/11-1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/22.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/22.jpg)