> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мобилизация жарыялангандан кийин Москвадан Бишкекке авиабилеттердин баасы 110 миң сомдон ашып кетти
- URL: https://im.kg/all/2022/09/22/mobilizaciya-zharyyalangandan-kijin-moskvadan-bishkekke-aviabiletterdin-baasy-110-mi-somdon-ashyp-ketti/
- Published: 2022-09-22T10:10:58.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:46:06.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 21-сентябрда, Россияда мобилизация жарыяланганы тууралуу кабар айтылгандан кийин Россиядан билеттердин баасы кескин кымбаттады. Economist.kg-нин редакциясы бул Кыргызстанга карай авиабилеттерге кандайча таасир эткенин текшерип көрдү.**

Aviasales кызматынын маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата Москвадан Бишкекке түз эмес, башка шаар аркылуу авиабилеттердин (жол убактысы 24 сааттан ашык) эң арзанынын баасы 79 миң сомго жетип, ал эми эң тезинин (жолдо 10 саат) баасы **111 миң сомго жеткен.**

> Башка күндөр үчүн да абал жакшы эмес. Билеттер азайган, түз каттамдар дээрлик жок. Ал эми башка шаарлар аркылуу рейстерге баасы **40 миң сомдон 90 миң сомго чейин** бир-эки билет калган.

Билет издөө кызматындагы баалар улам өзгөрүп жатканын да белгилей кетүү керек. Баалар өйдө-ылдый секирип, кээде шумдуктуу санга чейин көтөрүлүп, кээде кайра 35-40 миңге чейин түшүп жатат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/image-2-2.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/image-2-2.png)