> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен районунда 100 миңдей адам жашаса, анын 60 миңге жакыны коопсуз аймактарга көчүрүлгөн
- URL: https://im.kg/all/2022/09/23/batken-rajonunda-100-mi-dej-adam-zhashasa-anyn-60-mi-ge-zhakyny-koopsuz-ajmaktarga-k-ch-r-lg-n/
- Published: 2022-09-23T16:31:38.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:11:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунда абал салыштырмалуу туруктуу. Аким Учкунбек Жоробаев Баткен районунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.**

Анын айтымында:

- Баткен районунда **100 миңдей** адам жашаса, анын **60 миңге жакыны** коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.
- Бүгүнкү күндө 321 тонна гуманитардык жардам алынып, 291 тоннасы муктаждарга таратылып, 30 тоннасы кампада турат.
- Атайын түзүлгөн комиссия миналарды жарылбай калган снаряддардан тазалоого сапёрлорду тартуу менен райондук деңгээлде иш алып барууда. Андан соң аймакка изилдөө жүргүзүлүп, талкаланган объектилерди калыбына келтирүү иштери башталат.

> Оперативдүү маалыматтар боюнча **426 объект** текшерилип, анын ичинен **321 турак жай жашоого жараксыз**, 6 турак жай калыбына келтирүүгө жатат. Ошондой эле **7 мектеп, 5 бала бакча, эки ФАП, 320 чарбалык курулуш жана 145 турмуш-тиричилик объектилери** талкаланган. Бул сандар акыркы эмес.

- Коопсуз аймактардагы социалдык объектилер кадимки режимде иштеп жатат. Эвакуацияланган жерлерге баруу менен калкка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт, анын ичинде медициналык мобилдүү бригадалар жана психологдор аларга жардам көрсөтүүдө.
- Баткен облусунда жалпысынан 54 мектеп жана 48 бала бакча болсо, анын ичинен 17 мектеп жана 12 бала бакча штаттык режимде иштеп жатат.
- Чыгууну же учууну каалаган тургундар үчүн транспорт уюштурулуп, Раззаков шаарында аэропорт иштеп жатат.