> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика кызматкерлери Баткенде тынымсыз иштешүүдө - Достукта иштен чыккан жабдууларды калыбына келтиришти
- URL: https://im.kg/all/2022/09/23/energetika-kyzmatkerleri-batkende-tynymsyz-ishtesh-d-dostukta-ishten-chykkan-zhabduulardy-deerlik-kalybyna-keltirishti/
- Published: 2022-09-23T14:52:07.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:15:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика кызматкерлери кыргыз-тажик чегиндеги кандуу кагылыштан жабыр тарткан калктуу конуштардын электр жабдууларын калыбына келтирүүнү улантып жатышат жана учурда Достук айылындагы иштен чыккан жабдууларды дээрлик калыбына келтирип бүтүштү. Бул тууралуу “Улуттук Энергохолдинг” билдирди.**

23-сентябрга карата Баткен РЭТ бригадасы тарабынан Баткен районуна караштуу Достук айылындагы калыбына келтирүү иштери аягына чыгарылды. 

> “Анда 10 кВ күч берүүчү трансформатору алмаштырылып, Достук көмөкчү станциясындагы зыян келтирилүүдөн улам өчүп калган 2 фидер ишке киргизилди. Андан сырткары, “Достук” 35/10/6 кВ көмөкчү станциясында 6300 кВА трансформатору алмаштырылып, ишке киргизилди. 23-сентябрга карата иштен чыккан бардык 10 кВ фридерлер оңдолду”, – дейт мекеме. 

Ошондой эле Лейлек РЭТинин бригадасы **Максат** айылындагы зыянга учураган электр жабдууларын калыбына келтирүү менен алектенип жатат. Бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө бригадалары тарабынан Капчагай, Масеиттин жана Көктерек айылдарындагы 10 кВ тармагы боюнча электр берүү кубаттуулуктары калыбына келтирилген. 

> “Турак-жайларга кирүүгө мүмкүнчүлүк алгандан кийин РЭТ бригадалары 0.4 кВ тармагы боюнча оңдоп-түзөө иштерин башташат. 2022-жылдын 20-сентябрынан баштап кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген жерлерге калыбына келтирүү иштери үчүн 6 топ (Баткен РЭТине 4, Лейлек РЭТине 2) ишке чыккан. Ал жерден багыттуу түрдө Баткен РЭТине 6-7 бригада, Лейлек РЭТине 4 бригада болуп бөлүнүп кетишкен”, – деп айтылат “Улуттук Энергохолдинг” берген маалыматта. 

Ошондой эле 20-сентябрдан баштап энергетика кызматкерлери келтирилген зыяндарды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын курамында иштей башташкан. 

> Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунда да электр берүү тармагы штаттык режимде иштеп жатат. 

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан жаңжалдын башталышынан тарта **6-10 кВ кубаттуулуктагы 20 чубалгы**, андан сырткары, **35 кВ кубаттуулуктагы бир чубалгы** өчүрүлгөн. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы **39 калктуу конуш электр жарыгысыз** калган.