> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусуна 1.5 миң тонна гуманитардык жардам жеткирилди
- URL: https://im.kg/all/2022/09/26/batken-oblusuna-1-5-mi-tonna-gumanitardyk-zhardam-zhetkirildi/
- Published: 2022-09-26T10:40:28.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:44:44.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусуна эртең мененки саат 8:00гө карата 1.5 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Мында министрлик тарабынан 264.9 тонна, жарандардын өз күчү менен 1036.6 тонна жеткирилген. Складда 199.2 тонна гуманитардык жардам бар.

Аталган башкармалык учурда Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн эскертти. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланды.