> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 273 млн сомдон ашык акча түштү
- URL: https://im.kg/all/2022/09/26/batken-oblusuna-zhardam-k-rs-t-ch-n-atajyn-esepke-273-mln-somdon-ashyk-akcha-t-sht/
- Published: 2022-09-26T14:52:14.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:45:02.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткен облусунун калкын колдоо үчүн атайын эсепке 273 млн 350 миң сом которулду. Мындай маалыматты бүгүн саат 10:00гө карата Финансы министрлиги берген.**

Транзакциялардын саны 3184 которуудан ашкан. Абийирсиз жарандар тарабынан алдамчылыкка жол бербөө үчүн атайын эсеп ачылган.

Эгерде сиз да Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына материалдык жардам көрсөтүүнү кааласаңыз, анда Финансы министрлигинин [атайын эсебине](https://economist.kg/novosti/2022/09/16/v-kr-otkryt-edinyj-schet-dlya-perechisleniya-pozhertvovanij-batkenskoj-oblasti/) акча которсоңуз болот, ошондой эле зарыл болгон азык-түлүктөрдү сатып алуу үчүн, ошондой эле тургундарды эвакуациялоо үчүн күйүүчү-майга [акча чогулткан](https://economist.kg/novosti/2022/09/16/krasnyj-polumesyac-otkryl-ekstrennyj-sbor-sredstv-dlya-okazaniya-pomoshhi-v-batkene/) Улуттук Кызыл Жарым Ай коомуна акча жөнөтсөңүз болот.

Эгер сиз өзүңүз гуманитардык жардам көрсөткүңүз келсе, бул жерден керектүү нерселердин [жаңыланган тизмесин](https://economist.kg/novosti/2022/09/18/obnovlen-spisok-neobhodimogo-dlya-batkenskoj-oblasti/) таба аласыз. Гуманитардык жардам чогултуу пункттарынын даректерин [бул жерден](https://economist.kg/novosti/2022/09/17/adresa-punktov-sbora-pomoshhi-dlya-batkencev-kontakty/) тапса болот.

Ошондой эле жабыркагандарга донордук кан керек. Даректерди жана байланыштарды [бул жерден](https://economist.kg/novosti/2022/09/17/respublikanskij-centr-krovi-budet-rabotat-v-vyhodnye-dni-donorskaya-krov-neobhodima-dlya-postradavshih-zhitelej-batkena/) тапса болот.