> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусунда 92 миңден ашык эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып жатышат
- URL: https://im.kg/all/2022/09/26/batken-oblusunda-92-mi-den-ashyk-evakuaciyalangan-zharandar-jl-r-n-kajtyp-zhatyshat/
- Published: 2022-09-26T11:40:30.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:44:50.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан улам эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтып жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, 92 миң 521 жаран жашаган жерлерине кайтып келүүдө.

Аталган башкармалык учурда Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн эскертти. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.