Баткен облусунда 92 миңден ашык эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып жатышат
Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан улам эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтып жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 92 миң 521 жаран жашаган жерлерине кайтып келүүдө.
Аталган башкармалык учурда Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн эскертти. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.