> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте баткендиктер үчүн төрт консультациялык борбор ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/26/bishkekte-batkendikter-ch-n-t-rt-konsultaciyalyk-borbor-achyldy/
- Published: 2022-09-26T12:00:08.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:44:52.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунун тургундары үчүн Бишкекте төрт консультация борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда, борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.**

Муниципалитет белгилегендей, Бишкек шаарында Баткен облусунун тургундары үчүн республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу төмөнкү кызматтар ачылды:

- Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу проспектиси, 495\. Телефон: 0 (312) 670433, 0700 020167.
- Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй проспектиси, 28\. Телефон: 0(312) 530368, 0702148830.
- Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Байтик Баатыр көчөсү, 17\. Телефон: 0312 51-02-63, 57-04-59.
- Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Литвенко көчөсү, 2\. Телефон: 0 (312) 653748, 653926.

> Мэриянын басма сөз кызматы белгилегендей, Бишкек мэриясы тарабынан республикалык штабдын материалдык-техникалык жактан жабдылышы камсыз кылынып, мэриянын жана муниципалдык администрациялардын кызматкерлери жарандардан түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү нөөмөт өтөп жатышат.